Реванш: Жоламан бүгүн Олимпиадада утулган атаандашы менен алтын үчүн күрөшөт

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWКыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Виктор Чобану менен мелдеш учурунда. Архив
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Виктор Чобану менен мелдеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Жазылуу
Дүйнө чемпионатынын финалдык кармашы бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. Жоламан 60 килограмм салмак категориясында грек-рим күрөшү боюнча катышууда.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында Олимпиададагы атаандашы, молдавиялык Виктор Чобану менен күрөшөт.
Шаршенбеков Токио Олимпиадасынын чейрек финалында Чобануга 7:0 эсебинде утулуп калган. Беттеш мөөнөтүнөн мурда аяктаган. Спорттук комментаторлор кыргызстандык балбан шашып койгонун белгилеген болчу. Бирок атаандашы алдыңкы орундарга жеткен эмес.
Дүйнө чемпионатынын финалдык кармашы бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. Жоламан 60 килограмм салмак категориясында грек-рим күрөшү боюнча катышууда.
Молдавиялык балбан Виктор Чобану 29 жашта. 2018-жылы дүйнө чемпионатынан күмүш алып, 2019-жылы Европа чемпиону болгон.
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков 22 жашта. 2018-жылы дүйнө жана Азия чемпионаттарынан күмүш байге уткан. 2020-жылы дүйнө кубогун жеңип алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0