Жуманазарованын беттеши. РФтин машыктыруу штабы калыстар тобунун үстүнөн даттанат

© Фото / United World WrestlingОслодогу дүйнө чемпионатынын жарым финалында кыргызстандык Мээрим Жуманазарова менен россиялык Ханум Велиеванын беттеши
Ослодогу дүйнө чемпионатынын жарым финалында кыргызстандык Мээрим Жуманазарова менен россиялык Ханум Велиеванын беттеши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Жуманазарова менен Велиеванын кармашы 3:3 эсеби менен аяктаган. Бирок акыркы аракетти кыргызстандык балбан жасаганы үчүн ага артыкчылык берилген.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Россиянын машыктыруучу штабы Ослодогу дүйнө чемпионатынын жарым финалында кыргызстандык Мээрим Жуманазарова менен россиялык Ханум Велиеванын беттешине калыстык кылган топтун үстүнөн даттанарын РФтин Күрөш федерациясы кабарлады.
Эске салсак, кечээ, 6-октябрда, Жуманазарова финал үчүн кармашта Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, бирок акыркы аракетти кыргызстандык балбан кыз жасаганы үчүн ага артыкчылык берилген.
"Биз нааразычылык билдиребиз. Жөн жерден эле олуттуу ката кетиришти. Таблодогу көрсөткүч боюнча Велиева финалга чыгышы керек болчу. Калыстыкты жоопкерчиликтүү жана туура ой калчаган адамдар аркалашы керектигин карап чыгууга негиз бар", — деген Россиянын Күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили.
Велиева бүгүн коло медаль үчүн америкалык Тамира Сток Менса менен кармашат.
Ал эми финалда Жуманазарова япониялык Рин Мьядзи менен кез келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0