Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча беттешчү балбандар. Тизме

© Sputnik / Владимир АстапковичБалбандар беттеш учурунда. Архив
Балбандар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Дүйнө чемпионаты Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Бүгүн 55, 72, 77 жана 82 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашат.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Норвегиянын Осло шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн грек-рим күрөшүнүн балбандарынын мелдеши башталат. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму турнирдин расписаниесин расмий сайтына чыгарды.
Ага ылайык, бүгүн 55, 72, 77 жана 82 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашат.
Өзүм үчүн тарых жаздым! Айсулуу Тыныбекованын мелдештен кийинки видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Өзүм үчүн тарых жаздым! Айсулуу Тыныбекованын мелдештен кийинки видеомаеги
Кыргызстандык спортчулардан алгачкылардан болуп 55 килограмм салмак категориясында Сардарбек Конушбаев килемге чыгат. Мындан сырткары, бүгүн Руслан Царёв (72 килограмм), Кайратбек Түгөлбаев (77 килограмм), Калидин Асыкеев (82 килограмм) өз салмактарында таймашышат.
Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-7-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0