Айпери Медет кызынын коло байге үчүн кармашчу атаандашы белгилүү болду

© Фото / United World Wrestling / Martin GaborКыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы беттеш учурунда
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Айпери кечээ жарым финалдык беттеште эстониялык Эпп Мяэге утулган. Медет кызы экинчи бөлүктө эки упай алдыда келе жатып, акыркы ирмемдерде жеңишти колдон чыгарып жиберди.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн украиналык Aнастасия Шустова менен кез келет. Бүгүн бул балбан көңүл жубатуучу беттеште монголиялык Загардулам Найгалсуренди утуп алды.
Айпери кечээ жарым финалдык беттеште эстониялык Эпп Мяэге утулуп, финалга өтпөй калган.
Беттештин экинчи бөлүгүндө кыргызстандык балбан 3:1 эсебинде алдыда келе жатып, акыркы секундаларда эки упай алдырган. Соңку аракетке артыкчылык берилген эрежеге ылайык, жеңиш атаандашка ыйгарылды.
Байге үчүн беттештер Бишкек убактысы боюнча кечки саат 22:00дө башталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0