06:39 03 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7897
  • EUR96.0031
  • RUB1.1448
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Норвегиядагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты (52)
2569 0 0

Бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 57, 59, 68 жана 72 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашууда.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешинде кореялык Минджи Ханы утуп, чейрек финалга чыкты. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты мелдештин жүрүшүн түз алып көрсөтүүдө.

68 килограмм салмакта күч сынашкан Токио Олимпиадасынын коло байге ээси Жуманазарова атаандашы менен мелдештин баштапкы (квалификациялык) этабында кездешти. Төрт мүнөткө жетпеген убакытта Мээрим эсепти 8:0гө жеткирди.

Кийинки этапта кыргызстандык спортчу канадалык Оливия Грейс Д. Bacco менен кармашат.

Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-7-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.

Тема:
Норвегиядагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты (52)

Тема боюнча

Жаңы тарых! Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынан күмүш медаль утту
Айпери Медет кызы саналуу секунд калганда жеңишти алдырып, финалга өтпөй калды
Белгилер:
Мээрим Жуманазарова, күрөш, дүйнө чемпионаты, атаандаштык

ЭҢ МААНИЛҮҮ