Мээрим Жуманазарованын дүйнө чемпионатындагы алгачкы атаандашы айтылды

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова. Архив
Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 57, 59, 68 жана 72 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашат.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова бүгүн күрөш боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешине чыгат. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтында айтылгандай, ал түштүк кореялык Минджи Ха менен кез келет.
68 килограмм салмакта күч сынашкан Токио Олимпиадасынын коло байге ээси Жуманазарова атаандашы менен мелдештин баштапкы (квалификациялык) этабында кездешет.
Кырызстандык балбан Эрназар Акматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жаңы тарых! Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынан күмүш медаль утту
Бүгүн дүйнө чемпионатынын кыз-келиндер күрөшүндө 57, 59, 68 жана 72 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашат.
Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-7-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0