Финалда күрөшөт. Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы беттештеринин видеосу

© Фото / United World Wrestling / Martin GaborКыргызстандын балбан Айсулуу Тыныбекова
Кыргызстандын балбан Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Бүгүн кыргызстандык спортчу кыз финалда панамерикалык чемпионаттын жеңүүчүсү, АКШлык Кайлой Миракл менен таймашат. Беттештер кечки саат 21:30дарда болору болжолдонууда.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму өзүнүн YouTube каналына Айсулуу Тыныбекованын Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде финалга чейинки беттештеринин видеосун чыгарды.
Алгачкы беттешинде Тыныбекова япониялык Ноноко Озаки менен таймашып, жеңишти илип кетти. Кармаштын биринчи бөлүгүндө япон кызы эки жолу Айсулууну бутуна кирип, партерге отургузуп төрт упай алды. Деген менен кыргыз спортчусу тырышчаактык көрсөтүп, бөлүктүн аягына чейин эсепти 4:4кө жеткирген. Беттештин соңунда дагы эки упай алып, жеңген. 
Чейрек финалда Тыныбекова беларустук Вераника Иванова менен кармашты. Айсулуу экинчи бөлүктө эки упай артта бара жатып эсепти теңеп, атаандашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңип алган. 
Жарым финалда кыргызстандык атлет украиналык Илона Прокопевнюк менен кез келип, 5:2 эсебинде утту. 
Бүгүн кыргызстандык балбан кыз Дүйнө чемпионатынын финалында панамерикалык чемпионаттын жеңүүчүсү, АКШлык Кайлой Миракл менен таймашат. Алтын байге үчүн беттештер кечки саат 21:30дарда болору болжолдонууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0