Мушкер Мамашов UFC уюмунун экс-мушкерин жыга чаап утуп алды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековAbsolute Championship Akhmat (ACA) мушкерлер лигасынын кыргызстандык спортчусу Алтынбек Мамашов. Архив
Absolute Championship Akhmat (ACA) мушкерлер лигасынын кыргызстандык спортчусу Алтынбек Мамашов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
ACA 130 мелдешиндеги беттеш кечээ, 4-октябрда, Чеченстандын борбору Грозный шаарында өттү. Кыргызстандык мушкер кезектеги беттешин нокаут менен утту.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Absolute Championship Akhmat (ACA) мушкерлер лигасынын кыргызстандык спортчусу Алтынбек Мамашов кезектеги атаандашын нокаут менен утту. Спортчунун атаандашын кыйратуучу сокку менен бүк түшүргөн видеосун белгилүү ММА менеджери Марат Бекмуратов өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды. 
Мамашов UFC уюмунун экс-мушкери, бразилиялык Элиас Сильверио менен кез келип, таймаштын экинчи раундунда аны сулата чапкан. Ээкке таамай тийген кубаттуу соккудан бразилиялыктын оозундагы тиш калканы (капа) ыргып кеткен.
Сол колдоп сулата чаап. UFC Vegas 38 мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Сол колдоп сулата чаап. UFC Vegas 38 мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу
Беттеш кечээ, 4-октябрда, Чеченстандын борбору Грозный шаарында өттү.
Кыргыз мушкери аталган уюмда буга чейинки үч беттешинин экөөсүн утуп, бирөөндө жеңилген. Мамашов ММА спортунда жалпысынан 17 беттешке чыгып, 15 учурунда атаандашын уткан. Бир жолу жеңилип, дагы бир кармашта тең чыккан.
Мамашовдун эстен тандырган соккусу Absolute Championship Akhmat лигасынын 2021-жылдын жарым жылдагы мыкты нокауту деп табылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0