Бүгүн килемге чыкчу Айпери Медет кызынын атаандашы белгилүү болду

© AP Photo / Aaron FavilaКыргызстандык балбан Айпери Медет кызы. Архив
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Бүгүн спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө биринчилигинде кыз-келиндер күрөшү уланат. Анда 50, 53, 65 жана 76 килограмм салмактагы атлеттер таймашка чыгышат.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Айпери Медет кызы бүгүн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешине чыгат. Мелдештин программасы Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтына жарыяланды.
76 килограмм салмак даражасында ат салышкан Медет кызы болгариялык Мария Оряшкова менен кез келет.
Бүгүн 50, 53, 65 жана 76 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашат.
Кыргызстандык эркин күрөш балбаны  Алибек Осмонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Сүйүнчү! Кыргыз балбаны Осмонов дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Видео
Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү кечээ 55, 62 килограмм салмактагы спортчу кыздардын мелдеши менен башталган. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм) финалга чыкты. Бүгүн ал Дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн АКШлык спортчу Кайла Коллин Кийоко Миракл менен кармашат. Финалдык беттештер бүгүн кечинде болот.
Норвегиянын Осло шаарында спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0