Утту! Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

© Фото / United World Wrestling Серебряная медалистка Олимпийских игр в Токио, чемпионка мира по борьбе Айсулуу Тыныбекова
 Серебряная медалистка Олимпийских игр в Токио, чемпионка мира по борьбе Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Айсулуу буга чейин беларустук Вераника Иванованын далысын жерге тийгизип уткан. Тыныбекова турнирдин 1/8 финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озакини жеңген.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Осло шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты. Жарым финалдык кармашта ал украиналык Илона Прокопевнюкту утуп алды.
Борец вольного стиля Эрназар Акматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Сүйүнчү! Эрназар Акматалиев атаандашын 9:5 эсеби менен утуп, финалга чыкты
Айсулуу буга чейин беларустук Вераника Иванованын далысын жерге тийгизип утту. Тыныбекова турнирдин 1/8 финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озакини 6:4 эсебинде уткан.
Эми Тыныбекова дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн америкалык спортчу Кайла Коллин Кийоко Миракл менен кармашат. Финалдык кармаштар эртең, 5-октябрда, болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0