Футболчу Ильзат Ахметов Россия курама командасынын катарына чакырылды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүүбү кыргызстандык футболчу, ЦСКА клубунун жарым коргоочусу Ильзат Ахметов. Архив
үбү кыргызстандык футболчу, ЦСКА клубунун жарым коргоочусу Ильзат Ахметов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Футболчу Новогорск шаарында машыгып жаткан команданын сабына келип кошулду. Россия 8-октябрда Словакия жана 11-октябрда Словения командалары менен беттешет.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Түбү кыргызстандык футболчу, ЦСКА клубунун жарым коргоочусу Ильзат Ахметов Россия курама командасына чакырылды. Ал команда менен Дүйнө чемпионатына тандоо турундагы беттештерге карата даярданарын Россиянын футболдук союзунун расмий сайты жазды.
Бүгүн, 4-октябрда, футболчу Новогорск шаарында машыгып жаткан улуттук команданын катарына келип кошулду.
"Жекшембиде Александр Головин "Монако" курамында ойноп жатып жаракат алган. Анын машыгуу жыйынына катышары арсар. Ошондуктан машыктыруучулар штабы командага Ильзат Ахметовду чакырган", — деди курама команданын башкы машыктыруучусу Валерий Карпин.
8-октябрда 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Россия Казань шаарында Словакия менен, ал эми 11-октябрда Марибор шаарында Словения командалары менен беттешет.
Жаңылыктар түрмөгү
0