Эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов мелдеш учурунда. Архив
Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов мелдеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Жазылуу
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Осмонов 65 килограмм салмакта ат салышууда.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтүп жатат.
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө.
65 килограмм салмак категориясында ат салышкан кыргызстандык балбан чейрек финалда украиналык Василий Шуптарды 5:3 эсебинде утуп алды.
Эми финалга чыгуу үчүн ирандык Амирмохаммад Язданичерати менен күрөшөт. Жарым финалдык беттештер кечинде саат 20:45те болот.
Осмонов 8/1 финалда Маркос Уэсли де Брито Сикейраны, ал эми баштапкы этапта франциялык Марване Ахмед Еззаны таза техникалык артыкчылык менен уткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0