Акжол Махмудов машыктыруучусуна Lexus автоунаасын белек кылды. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония приветствия призеров и участников Олимпийских игр в Токио на площади Ала-Тоо
Церемония приветствия призеров и участников Олимпийских игр в Токио на площади Ала-Тоо  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Жазылуу
Учурда Ахметовдун Норвегияда болуп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында калыстык кылып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси, спортчу Акжол Махмудов жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго Lexus GX 460 автоунаасын белек кылды. Бул туурасында спорттук баяндамачы Тахир Гафуров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Учурда Ахметов Норвегияда болуп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында калыстык кылууда. Жолтандабастын ачкычын Мейрамбектин келинчеги, Күмүшкан жеңеме тапшырды", — деп жазды Гафуров.
Сүрөттө Махмудовдун Гафуров менен ийиндеше, кучакташып турганын көрүүгө болот. Артында кооздолгон кара жолтандабас турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0