Антонина Шевченко көз караштар таймашына чыкты. Видео

© Sputnik / Александр ГальперинЧемпионка мира по различным видам ударных единоборств, Антонина Шевченко
Чемпионка мира по различным видам ударных единоборств, Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер буга чейин ММА спортунда үч ирет жеңилип, ошол эле учурда жалпысынан сегиз беттеште уткан.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Антонина Шевченко UFC уюмунун алкагында кезектеги беттешин өткөрөт. Бүгүн ал таразага түшүү жана көз караштар таймашына келди.
Шевченко Бишкек убактысы менен 3-октябрдын таңында Лас-Вегаста UFC Vegas 38 мелдешинде мушташат.
Май айында Хьюстондо өткөн UFC 262 турниринде Антонина Шевченко америкалык Андреа Ли менен беттешип, утулуп калган. Кыргызстандык кыз үчүн бул ММА спортундагы үчүнчү жеңилиши болду. Ал жалпысынан сегиз беттеште уткан.
Антонина UFC чемпиону Валентина Шевченконун бир тууган эжеси.
Жаңылыктар түрмөгү
0