Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Кыргызстандан 15 балбан катышат

© пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков мелдеш учурунда. Архив
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков мелдеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Жазылуу
Эркин күрөштөн төрт, кыз-келиндер күрөшүнөн үч, грек-рим түрүнөн сегиз спортчу өлкө намысын талашмакчы.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бүгүн Норвегиянын Осло шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталып, ага Кыргызстандан жалпы 15 балбан катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Белгилей кетсек, биринчилерден болуп эркин күрөш боюнча мелдештер өтөт. Команда төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:
Эркин күрөш:
  • Улукбек Жолдошбеков — 61 кг;
  • Алибек Осмонов — 65 кг;
  • Эрназар Акматалиев — 70 кг;
  • Арсалан Будажапов — 79 кг;
  • Русланбек Мажинов — башкы машыктыруучу;
  • Таабалды уулу Сүймөнкул — улук машыктыруучу;
  • Исламбек Тазабеков —- улук машыктыруучу.
  • Кыз-келиндер күрөшү:
  • Айсулуу Тыныбекова — 62 кг;
  • Мээрим Жуманазарова — 68 кг;
  • Айпери Медет кызы — 76 кг;
  • Нурбек Изабеков — башкы машыктыруучу;
  • Байгазы Кенжебаев — улук машыктыруучу;
  • Чынарбек Изабеков — машыктыруучу.
Грек-рим күрөшү:
  • Сардарбек Конушбаев — 55 кг;
  • Жоламан Шаршенбеков — 60 кг;
  • Калы Сулайманов — 63 кг;
  • Марлен Асикеев — 67 кг;
  • Руслан Царёв — 72 кг;
  • Кайратбек Түгөлбаев — 77 кг;
  • Калидин Асыкеев — 82 кг;
  • Бексултан Махмудов — 97 кг;
  • Азат Эркимбаев — башкы машыктыруучу;
  • Улукбек Карачолоков — улук машыктыруучу;
  • Арсен Эралиев — улук машыктыруучу.
Мындан тышкары, команданы калыс Мейрамбек Ахметов жана дарыгер Бактыгүл Алишева коштоп барат.
Жаңылыктар түрмөгү
0