Бишкекте грэпплинг спорту боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Турнир Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун эрежеси менен өтөт. Анда спортчулар бир катар категорияларда таймашышат.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкекте грэпплинг спорту боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн аталган спорт боюнча федерациясы билдирди.

Мелдеш 2-3-октябрда Бишкектин Арча-Бешик конушундагы "Газпром балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда болот.

Турнир United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюмунун эрежеси менен өтөт. Анда окуучу, кадеттер, өспүрүмдөр, чоңдор жана ардагер курактагы балбандардын эркектер жана кыз-келиндер категориясында таймаштар жүрөт.

"Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча 1-2-3-орундарды ээлеген спортчулар 2021-жылдагы дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн улуттук курама командага тандалып алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Көрүүчүлөр жана күйөрмандар үчүн мелдешке кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0