Садыр Жапаров чемпиондук наамын коргогон Валентина Шевченкону куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров телефон менен сүйлөшүү учрунда. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров телефон менен сүйлөшүү учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Жазылуу
Кыргызстандык спортчу ушуну менен алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоду. Беттешке кыргызстандыктар бүгүн эртең менен күбө болду.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров телефондон кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкону бүгүнкү жеңиши менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, UFC уюмунун кезектеги беттешинде Шевченко америкалык Лорен Мерфини мөөнөтүнөн эрте ишенимдүү жеңип алган. Ушуну менен ата мекендик спортчу чемпиондук наамын алтынчы ирет коргоду.

Жапаров Шевченконун жогорку чеберчилигин, духунун күчтүүлүгүн жана мүнөзүнүн бекемдигин жогору баалады.

"Жалпы кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан ийгиликтүү жеңишиңиз менен куттуктообузду кабыл алыңыз. Биз баарыбыз Сиздин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Абройлуу эл аралык турнирлерде Кыргызстандын намысын коргоп жатасыз. Алдыда дагы чоң ийгиликтер жана жаңы жеңиштер күтүп турганына ишенем",— деди президент.

Сөзүнүн соңунда өлкө башчы спортчуга бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Баса, редакция Шевченконун беттешиндеги урунттуу учурлардын видеосун топтогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0