UWW дүйнө чемпионатынын ролигине Тыныбекованын эң кызык учурун чыгарды

© Sputnik / Абзал КалиевКыргызстандык грек-рим балбаны Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандык грек-рим балбаны Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Роликте Тыныбекова 2019-жылы финалдык беттештин акыркы секундаларында упай алып, жеңишти илип кеткен учуру көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатына 8 күн калганын эске салган ролик чыгарып, ага кыргызстандык чемпион Айсулуу Тыныбекованын финалда уткан беттешинин видеосун койду. Роликти дүйнөлүк уюм өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от unitedworldwrestling | Track&Field (@alicasmd)

Анда Тыныбекова 2019-жылы финалдык беттештин акыркы секундаларында упай алып, жеңишти илип кеткен учуру көрсөтүлгөн.

"Айсулуу Тыныбекова 2019-жылдагы дүйнө биринчилигинин 62 килограмм салмактын финалында ошол кездеги чемпион Тайбе Юсеин менен кармашып, акыркы секундаларда жерге жыгып, Кыргызстандын атынан алгачкы дүйнө чемпиону болгон", — деп жазылган постто.

Трехкратная чемпионка Азии борец Айсулуу Тыныбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Юкако Каваи жок. Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы атаандаштарынын тизмеси
Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Норвегиянын баш калаасы Осло шаарында 2-10-октябрда өтөт.

Кыз-келиндер мелдеши 4-октябрда башталат. Биринчилерден болуп учурдагы дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова ошол күнү килемге чыгат.

Тыныбекова бул мелдеште чемпиондук наамын коргоо үчүн таймашат. Мындан сырткары, Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынан Токио Олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Токио Олимпиадасынын катышуучусу Айпери Медет кызы (76 килограмм) катышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0