Футзал арбитри Букуев дүйнө чемпионатындагы беттешке башкы калыс болду

© Фото / пресс-служба ФФКРФутзал боюнча FIFA калысы Нурдин Букуев. Архив
Футзал боюнча FIFA калысы Нурдин Букуев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Муну менен кыргызстандык адис чемпионатта экинчи жолу башкы калыстыкты аркалап жатат. Турнирдин башынан бери беш беттешти тейлөөгө катышты.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Футзал боюнча FIFA калысы Нурдин Букуев Литвада өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жарым чейрек финалдык беттешинде башкы калыстык кылды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Церемония вручения государственных наград призерам и участникам XXXII Олимпийских игр в Токио - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Мейрамбек Ахметов Ослодо өтчү дүйнө чемпионатында калыстык кылат
Букуев кечээ, 23-сентябрда, мелдештин 8/1 баскычында Аргентина — Парагвай курама командаларынын беттешин тейлеген. Оюнда аргентиналыктар 6:1 эсеби менен уткан.

Муну менен кыргызстандык адис чемпионатта экинчи жолу башкы калыстыкты аркалап жатат. Турнирдин башынан бери беш беттешти тейлөөгө катышты.

Нурдин Букуев төртүнчү жолу дүйнө чемпионатынын оюндарын тейлеген алгачкы FIFA калысы болууда.

Ал спорттогу кыялдары, ишмердүүлүгү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп жатып айтканы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0