Кыргызстандын футбол командасы FIFA рейтингинде алдыңкы жүздүккө илинди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Өткөн айда 99-орунда турган курама команда 102-катарга түшүп кеткен. Рейтингде жалпысынан 210 команда бар.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) жаңыланган рейтингинде 98-орунду ээледи.

Өткөн айда 99-орунда турган курама команда 102-катарга түшүп кеткен. Рейтингде жалпысынан футбол боюнча 210 курама команда бар.

Ушул жылдын август айынын ортосунан бери ата мекендик команда Палестина жана Бангладештин курама командалары менен беттешип, экөөнү тең жеңген.

Кыргызстандын футзал боюнча FIFA калысы Нурдин Букуев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
FIFA калысы Нурдин Букуев кезектеги дүйнө чемпионатын тейлеп, рекорд койду
Палестинанын курама командасы 99-орунга илинген. Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Бельгия турат. Андан кийин Бразилия, тизменин үчүнчү катарын англиялыктар ээлеген. Франция төртүнчү болсо, бешинчиде Италиянын курама командасы турат.

Азия боюнча рейтингдин сап башында турган Иран жалпы тизмеде 22-орунда. Япония экинчи болсо (26), Австралия үчүнчү (32) катарда. Кореялыктар төртүнчү (36), Катардын (43) командасы бешинчи орунду ээлеген.

Борбор Азия боюнча рейтингдин сап башында Өзбекстандын курама командасы турса (84), андан кийин эле Кыргызстан (98) бара жатат. Тажикстан (118), Казакстан (120), Түркмөнстан (130) кийинки сапта.

Эске алчу жагдай: Казакстандын курама командасы Азия футбол конфедерациясына эмес (AFC), Европа футбол ассоциациясынын биримдигине (UEFA) кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0