21:11 24 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
678 0 0

Өткөн айда 99-орунда турган курама команда 102-катарга түшүп кеткен. Рейтингде жалпысынан 210 команда бар.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) жаңыланган рейтингинде 98-орунду ээледи.

Өткөн айда 99-орунда турган курама команда 102-катарга түшүп кеткен. Рейтингде жалпысынан футбол боюнча 210 курама команда бар.

Ушул жылдын август айынын ортосунан бери ата мекендик команда Палестина жана Бангладештин курама командалары менен беттешип, экөөнү тең жеңген.

Палестинанын курама командасы 99-орунга илинген. Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Бельгия турат. Андан кийин Бразилия, тизменин үчүнчү катарын англиялыктар ээлеген. Франция төртүнчү болсо, бешинчиде Италиянын курама командасы турат.

Азия боюнча рейтингдин сап башында турган Иран жалпы тизмеде 22-орунда. Япония экинчи болсо (26), Австралия үчүнчү (32) катарда. Кореялыктар төртүнчү (36), Катардын (43) командасы бешинчи орунду ээлеген.

Борбор Азия боюнча рейтингдин сап башында Өзбекстандын курама командасы турса (84), андан кийин эле Кыргызстан (98) бара жатат. Тажикстан (118), Казакстан (120), Түркмөнстан (130) кийинки сапта.

Эске алчу жагдай: Казакстандын курама командасы Азия футбол конфедерациясына эмес (AFC), Европа футбол ассоциациясынын биримдигине (UEFA) кирет.

Тема боюнча

Каз катар тизилип футбол көргөн аткаминерлер. Фотофакт
Кыргызстандык жаш футболчулар да Бангладеш командасын утуп алды
Белгилер:
Кыргызстан, футбол, рейтинг, курама команда

ЭҢ МААНИЛҮҮ