Каныбек Сагынбаев баштаган бильярдчылар Кремль кубогу мелдешине катышууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык бильярдчы Каныбек Сагынбаев. Архив
Кыргызстандык бильярдчы Каныбек Сагынбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Бильярддын "аралаш пирамида" (комбинированная пирамида) түрүнөн дүйнө кубогу мелдеши Москванын "Лужники" спорт сарайында кечээ башталды.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Каныбек Сагынбаев баштаган кыргызстандык кий чеберлери Бильярд спорту боюнча дүйнө кубогунун алкагындагы XV Кремль кубогу турнирине катышууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бильярддын "аралаш пирамида" (комбинированная пирамида) түрүнөн дүйнө кубогу мелдеши Москванын "Лужники" спорт сарайында кечээ, 13-сентябрда, башталды.

Ага Бишкектин бильярд жана велоспорт боюнча балдардын спорт мектебинин тарбиялануучулары жана өлкөнүн бир катар кий чеберлери катышууда.

Кыргызстандыктардын тизмеси:

  • Каныбек Сагынбаев;
  • Канат Сыдыков;
  • Азиз Мадаминов;
  • Мирлан Абдыкаров;
  • Ызатбек Ратбеков;
  • Улукман Карагулов;
  • Камалитдин Еседдинов;
  • Арсен Калыбек уулу;
  • Адилет Мурзабаев;
  • Владимир Нам.
Жаңылыктар түрмөгү
0