Оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты Ташкентте өтмөй болду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОор атлетчи. Архив
Оор атлетчи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Темир билек балбандардын мыктыларын аныктаган мелдеш 7-17-декабрь күндөрү өтөт. Чемпионаттан кийин 20-21-декабрда IWF уюмунун конгресси шайланат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Оор атлетика боюнча 2021-жылдагы дүйнө чемпионаты Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтөт. Мындай чечим 9-сентябрда Лозаннада Эл аралык оор атлетика федерациясынын Аткаруу комитетинин (IWF) отурумунда кабыл алынганын мекеменин расмий сайты жазды.

Темир билек балбандардын мыктыларын аныктаган мелдеш 7-17-декабрга белгиленген. Чемпионаттан кийин 20-21-декабрда IWF уюмунун конгресси шайланат.

"Быйыл биздин Ташкенттеги досторубуз оор атлетика боюнча маанилүү мелдештерди өткөрүүгө кудуреттүү экенин көрсөтүштү. IWF жетекчилиги турнирди өткөрүүгө кызыкдар болгондордун баарына терең ыраазычылыгын билдирет", — деген уюмдун убактылуу башчысы Майкл Ирани.

Май айында Ташкентте оор атлетика боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпионаты, ошондой эле Азия оор атлетика федерациясынын конгресси ийгиликтүү өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0