Өлкөнүн соттору Жалал-Абадда футбол боюнча күч сынашты. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболчулар беттеш учурунда. Архив
Футболчулар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
Жазылуу
Бул турнирге судьялардан турган жети облустун жана Бишкек шаардык сотунун курама командалары катышкан.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Узаган дем алыш күндөрү Жалал-Абад шаарында кичи футбол боюнча Жогорку соттун жетекчисинин кубогу өттү. Бул туурсында аталган соттун маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба Верховного суда КРНаграды турнира по мини-футболу среди сотрудников судебной системы на кубок Председателя Верховного суда КР
Узаган дем алыш күндөрү Жалал-Абад шаарында кичи футбол боюнча Жогорку соттун жетекчисинин кубогу өттү - Sputnik Кыргызстан
1/2
Узаган дем алыш күндөрү Жалал-Абад шаарында кичи футбол боюнча Жогорку соттун жетекчисинин кубогу өттү
© Фото / пресс-служба Верховного суда КРПредседатель Верховного суда КР Нургуль Бакирова и руководитель Аппарата Верховного суда Эркинбек Мамыров на турнире по мини-футболу среди сотрудников судебной системы
Иш-чарага Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров жана жергиликтүү фемида өкүлдөрүнүн судьялары катышты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Иш-чарага Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров жана жергиликтүү фемида өкүлдөрүнүн судьялары катышты.
1/2
Узаган дем алыш күндөрү Жалал-Абад шаарында кичи футбол боюнча Жогорку соттун жетекчисинин кубогу өттү
2/2
Иш-чарага Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров жана жергиликтүү фемида өкүлдөрүнүн судьялары катышты.

Иш-чарага Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров жана жергиликтүү фемида өкүлдөрүнүн судьялары катышты.

"Сотто көп учурда адамдын тагдырына байланышкан, дегеле анын келечегин аныктаган чечимдерди кабыл алууга туура келет. Бүтүндөй өлкөнүн атынан чечим кабыл алуу милдети жүктөлгөн кызматкер өзүн коомго үлгү боло тургандай алып жүрүүгө милдеттүү. Бийик талаптар кесиптик даярдыгына эле эмес, ден соолугуна, кулк-мүнөзүнө да коюлушу шарт. Ошондуктан биз сот тутумунда спортко дагы жетишерлик көңүл бурушубуз керек", — деп айткан Бакирова турнирди ачып жатып.

Судьялардан турган жети облустун жана Бишкек шаардык сотунун курама командалары катышкан.

Республиканская спартакиада на Кубок председателя ГКНБ на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
УКМК: Камчыбек Ташиевдин кубогу үчүн республикалык спартакиада башталды
Жыйынтыгында мыкты деп табылган үч команда кубок, Ардак грамота, акчалай сыйлыктар жана Жогорку соттун төрайымынын өтмө кубогу менен сыйланышты.

Биринчи орунду Ош облустук соту, экинчи орунду Талас,  үчүнчү орунду Баткен облустук соту ээлеген.

Кийинки турнирди Бишкек шаарынын соттору уюштурмай болду.

Жогорку соттун жетекчисинин кубогуна турнир алгач 2018-жылы Ысык-Көл облусунда, 2019-жылы Чүй облусунда өткөнүн кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0