Акжолдун агасы жана дагы бир балбан Россиядагы турнирде медаль утту. Видео

© Photo / UWW / Gabor MARTINКыргызстандык балбан Калы Сулайманов. Архив
Кыргызстандык балбан Калы Сулайманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Жазылуу
Мелдешке Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан, Сербия жана Эстония мамлекеттеринин, ошондой эле РФтин 29 субъектисинин балбандары катышууда.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Бексултан Махмудов менен Калы Сулайманов Россияда өтүп жаткан Александр Нестеренконун элесине арналган эл аралык турнирден коло медаль утту. Бул туурасында Кыргызстандын Күрөш федерациясы билдирди.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 97 килограммга чейинки салмак категориясында килемге чыккан. Ал үчүнчү орун үчүн кармашта россиялык Тимур Абубакировду жеңип алган.

Бексултан — Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, балбан Акжол Махмудовдун бир тууган агасы.

Ал эми Сулайманов 63 килограмм салмак категориясында чыгып, үчүнчү орун үчүн россиялык балбан менен күрөштү.

Кармаш кыргызстандык спортчунун жеңиши менен аяктап, коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, 11-12-сентябрда Россиянын Новосибирск шаарында эл аралык "Мемориал Нестеренко" юбилейлик мелдеши өтүүдө. Ага Кыргызстан, Россия, Беларусь, Казакстан, Сербия жана Эстония мамлекеттеринин, ошондой эле РФтин 29 субъектисинин балбандары катышып, күч сынашып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0