Шевченко менен Мерфинин кармашы. Букмекерлер кимге үмүт артып турат

© AFP / Alex Menendez / Getty ImagesКыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив
Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Жазылуу
Кезектеги турнирин Шевченко 25-сентябрда Лас-Вегас шаарында өткөрөт. Атаандашы 37 жаштагы Мерфи болмокчу, ал беш беттеште катары менен жеңишти камсыздап келе жатат.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфи менен болгон беттеште талашсыз фаворит. Мындай пикирге букмекерлер келишти.

Валентина Шевченконун таймаштарындагы унутулгус ирмемдер. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Валентина Шевченконун таймаштарындагы унутулгус ирмемдер. Видео
Жакын арада спортчу чемпиондук макамын сактоо үчүн кайрадан беттеш өткөрөт. Ал рингге америкалык Лорен Мерфи менен чыгат. Каршылашы беш мелдеште жеңишти катары менен камсыздап келе жатат.

Fonbet букмекердик конторасынын коэффициенттери: кыргызстандык спортчунун жеңишине — 1,06, америкалык мушкерге — 10,2. "Марафонбет" конторасынын көрсөткүчү башкачараак, бирок жалпысынан Шевченконун утуп чыгышына үмүт артышкан: 1,48 жана 10,75. Адатта айтылгандай эле коэффициенттер канчалык төмөн болсо жеңүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору.

Жаңылыктар түрмөгү
0