Кыргызстандык каратист КМШ оюндарынын чемпиону болду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики Каратэ боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Калыс Нурланбек уулу
 Каратэ боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Калыс Нурланбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Жазылуу
Финалдык беттеште кыргызстандык спортчунун атаандашы татамиге чыкпагандыгына байланыштуу автоматтык түрдө жеңүүчү аталды.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Каратэ боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Калыс Нурланбек уулу Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Спортчу 67 килограмм салмак категориясында беттешкен.

Борец из Кыргызстана Калмира Билимбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Алтын байге! Балбан Калмира Билимбек кызы КМШ оюндарында чемпион болду
Ал чейрек финалда россиялык спортчуну 5:1 эсебинде, жарым финалдык беттеште беларустук атлетти 3:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо уткан.

Бирок финалдык беттеште кыргызстандык спортчунун атаандашы татамиге чыкпагандыгына байланыштуу автоматтык түрдө жеңүүчү аталган.

Каратэ боюнча улуттук курама команда улук машыктыруучу Бакыт Дүйшеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышкан. 

Белгилей кетсек, бир жума мурда башталган КМШ оюндары кечээ, 11-сентябрда, жыйынтыкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0