Футбол: кыргыз премьер-лигасында август айындагы мыкты гол аныкталды. Видео

© Фото / Pixabay / Phillip KoflerФутболчу топ менен матч учурунда. Иллюстративдик сүрөт
Футболчу топ менен матч учурунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
КПЛ өткөн айдагы мыкты голго төрт талапкерди атаган. Алардын арасынан “Кара-Балта” командасынын оюнчусунун голу тандалды.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасы (КПЛ) өткөн айдагы оюндарда киргизилген мыкты голду аныктады. Бул тууралуу футболдук уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Мыктыны тандоо социалдык тармактарда сурамжылоо, күйөрмандардын добуш берүүлөрү аркылуу жүргөн.

Август айындагы мыкты голдун автору "Кара-Балта" клубунун 20 жаштагы коргоочусу Азамат Аскербеков деп табылды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Премьер Лига (@kyrgyzpremierleague)

КПЛ жалпысынан өткөн айдагы мыкты голго төрт талапкерди атаган. Аскербековдон тышкары "Алай" (Ош) клубунун жарым коргоочусу Сүйүнтбек Мамыралиев,

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Премьер Лига (@kyrgyzpremierleague)

"Абдыш-Ата" (Кант) клубунун 18 жаштагы коргоочусу Християн Браузман,

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Премьер Лига (@kyrgyzpremierleague)

"Абдыш-Ата" (Кант) клубунун 22 жаштагы оюнчусу Атай Жумашев, талапкер болгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Премьер Лига (@kyrgyzpremierleague)

Кыргыз премьер-лигасы мыкты голду ар бир айдын аягында аныктап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0