Франциянын экс-футболчусу Адамс 40 жылдык комадан соң көз жумду

© AFPФранцузский футболист Жан-Пьер Адамс
Французский футболист Жан-Пьер Адамс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Футболчу 1982-жылдын 17-мартында Лиондогу ооруканалардын биринде тизесине операция жасалып, дарыгерлердин шалаакылыгынан улам комага түшкөн.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Футбол боюнча Франциянын "Нима" клубунун, улуттук курама команданын экс-оюнчусу Жан-Пьер Адамс 40 жылдык комадан кийин 73 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу "Нима" клубу Twitter баракчасы аркылуу билдиргенин Р-Спорт жазды. 

Адамска 1982-жылдын 17-мартында Лиондогу ооруканалардын биринде тизесине операция жасалып, дарыгерлердин шалаакылыгынан улам комага түшкөн. Ошол күндөн азыркыга чейин жубайы карап, жанында болуп келген.

Жан-Пьер Адамс карьерасында "Нима", "Ниццы", "Пари Сен-Жермен" клубдарында жана Франция курама командасында ойногон.

Адамс борбордук коргоочу эле. Ал өлкө курама командасы үчүн 22 оюн өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0