Футбол: Баткен стадиону өлкө кубогу мелдешинин финалын өткөрүүгө даяр

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүФутбол машыгуусу. Архив
Футбол машыгуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Буга чейин талапкер жай катары Баткен шаарындагы стадион айтылып, анын абалы текшерилген. Жыйынтыгында айрым кемчиликтер аныкталып, аны четтетүү талабы коюлган.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын кубогу мелдешинин 2021-жылдагы финалы Баткен шаарында өтөт деп акыркы чечим чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзунун аткаруу комитетинин кезектеги отурумунда белгилүү болгонун уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири финалдык беттеш өтүүчү жайды аныктоо болгон.

Эске салсак, 10-августта КФСтин жана КРдин премьер-лигасынын өкүлдөрү кирген уюштуруу тобу тандалган оюн талааларынын бири Баткен шаарындагы стадиондун абалын карап чыккан. Жыйынтыгында айрым кемчиликтер аныкталып, 31-августка чейин четтетүү талабы коюлган эле.

"Баткен футбол ассоциациясынын аймактык өкүлү Айбек Ражапов айтылган кемчиликтер четтетилип, стадион оюнду өткөрүүгө даяр экенин билдирген. Мындан улам аткаруу комитети бул отчетту кабыл алып, Кыргызстандын кубогу мелдешинин финалын Баткен шаарында өткөрүү чечимин чыгарды", — деп айтылат маалыматта.

Восстановленние социальной инфраструктурой в селе Максат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жапаров Баткенде жаштар менен футбол жана волейбол ойноду. Сүрөт
Эске салсак, буга чейин өлкөнүн футбол боюнча премьер-лигасынын аткаруучу директору Михаил Толкачев Баткенге барганда шаар мэри Имамназар Бурканов менен жолугуп, Кыргызстандын футбол боюнча кубогунун финалдык беттешин Баткен шаарында өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүргөн.

Быйыл аталган мелдештин негизги беттешинде Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" клубу менен Бишкектин "Алга" командасы кез келет. Оюн 18-сентябрда өтөт.

2020-жылы аталган мелдешти Оштун "Алай" клубу уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0