Акжол Махмудов Ош шаарында өспүрүмдөргө ачык машыгуу өткөрдү. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов. Архив
Грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Жазылуу
Спортчу өзүнүн үйрөнгөн ыкмаларын балдарга көрсөтүп, тажрыйбасы менен бөлүштү. Махмудов Токио Олимпиадасынан күмүш байге уткан.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов Ош шаарында өспүрүм спортчулар үчүн машыгуу жана мастер-класс өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирип, машыгуунун видеосун Instagram баракчасына чыгарды.

Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси түштүк борбордогу жаш спортчуларга күрөштөгү тажрыйбасы менен бөлүштү.

"Биздин чемпион өзүнүн үйрөнгөн ыкмаларын балдарга көрсөтүп, тажрыйбасы менен бөлүштү. Техникаларын көрсөттү. Бул, албетте, келечекте жаштардын спорттогу карьерасы үчүн керек болот", — деп айтылат маалыматта.

Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында 77 килограмм салмакта күрөшүп, күмүш байге уткан. Финалдык беттеште ал упай айырмасында венгриялык тажрыйбалуу балбан Тамаш Лёринцке жеңишти алдырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0