Мессинин буту сынып кала жаздады... Оюндагы опурталдуу учурдун видеосу

© REUTERS / Yuri CortezОтборочный тур чемпионата мира. Венесуэла против Аргентины
Отборочный тур чемпионата мира. Венесуэла против Аргентины - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Окуя 2022-жылы өтчү дүйнө чемпионатына тандоо этабынын алкагындагы беттеште болгон. Калыс венесуэлалык футболчуну оюндан четтеткен.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Венесуэла курама командасынын футболчусу Луис Мартинес Аргентинанын лидери Лионель Мессинин бутун сындырып сала жаздады. Бул тууралуу Р-Спорт жазып, окуянын видеосун чыгарды.

​2022-жылы Катарда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо этабында кечээ, 2-сентябрда, Венесуэла өз үйүндө Аргентина курама командасын кабыл алган. Мартинес биринчи бөлүктүн 27-мүнөтүндө катуу ылдамдыкта чабуулга келе жаткан Мессини шыйракка тээп алган. Сокку катуу болгону менен футболчу жаракат алган эмес.

Чабуулчу Криштиану Роналду  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Атаандашын жаакка чапкан Роналду голу боюнча рекорд койду. Видео
Беттештин калысы коргоочуга кызыл айып кагазын көрсөтүп, оюндан чыгарып салган.

Месси болсо медициналык жардам көрсөтүлгөн соң оюнун уланткан.

Беттеш Каракастагы (Венесуэла) "Олимпико" стадионунда өтүп, 3:1 эсебинде Аргентинанын жеңиши менен аяктаган. Бул ийгиликтен соң Мессинин командасы өз тайпасында экинчи сапка көтөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0