Атаандашын жаакка чапкан Роналду голу боюнча рекорд койду. Видео

© REUTERS / PEDRO NUNESЧабуулчу Криштиану Роналду
Чабуулчу Криштиану Роналду  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Кечээ, шаршембиде, Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо этабында Португалия менен Ирландия беттешинин 89-мүнөтүндө гол киргизди.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Чабуулчу Криштиану Роналду Португалия курамасынын сабында эки гол киргизип, улуттук команда үчүн дүйнөлүк рекорд жаратты.

Кечээ, шаршембиде, футболчу 2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо этабында Португалия менен Ирландия беттешинин 89-мүнөтүндө карьерасындагы 110-голун киргизди. Кошумча берилген алтынчы мүнөтүндө дагы бир топ киргизип, экинчи рекорд койду.

Роналду бул көрсөткүч боюнча Ирандын экс-чабуулчусу Али Деаини артка калтырды. 2007-жылы карьерасын жыйынтыктаган ирандык оюнчу курама командасы үчүн 109 топ киргизген.

Аталган оюнда дагы бир окуя болду. Беттештин 15-мүнөтүндө чабуулчу 11 метрлик айып тобун тебүүгө даярданып жатканда, атаандаштын оюнчусу топту тээп жиберген. Буга ачууланган Роналду аны жаакка чаап ийген.

​Бул үчүн эки оюнчу жаза алган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0