Эки алпты рингдин таянычы көтөрө албай калды. Мексикадагы мелдештин видеосу

Боксчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Мушкерлердин бири арканга жөлөнгөндө экинчиси чабуул жасап, салмагын салып сүргөн. Бул учурда эки алпты рингдин таянычы көтөрө албай сынып кеткен.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Мексиканын Матаморос шаарында өткөн кесипкөй бокс мелдешинде мушташкан оор салмактагы мушкерлер рингди бузуп, жерге кулап түшүштү. Бул тууралуу Eurosport маалымат булагы жазып, окуянын видеосун чыгарды.

Бул учур оор салмактагы спортчулар Алехандро де ла Торре менен Эрик Молинанын таймашында болгон. Молина байкатпай арканга (канат) жөлөнгөндө ага атаандашы чабуул жасап, салмагын салып сүргөн. Бул учурда эки алпты рингдин таянычы көтөрө албай сынып кеткен.

​Калыстар тобу жеңүүчүнү аныктабай туруп эле беттешти токтотууну чечкен. Мушкерлер 12 раунддук беттештин сегизинчисинде таймашып жаткан болчу.

Алехандро де ла Торре 13 беттешке чыгып, эки гана жолу жеңген. Ал эми анын атаандашы Эрик Молина 35 беттештин 27син уткан. Ал карьерасында оор салмакта WBC жана IBF түрлөрү боюнча титулга талапкер да болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0