Ысык-Көлдө триатлон боюнча Азия чемпионаты өтөт

© Sputnik / Василий Батанов / Медиабанкка өтүүСууда сүзүп бараткан адам. Архив
Сууда сүзүп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
Спорттук мелдеште катышуучулар ар кыл дистанцияда сууда сүзүп, велосипед тээп, жөө чуркап күч сынашат.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада триатлон боюнча Азия чемпионаты болот. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Көк бөрү оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Көк бөрү: Манас Ниязов ойногон "Ала-Тоо" командасы жогорку лигада үчүнчүнү ээледи
Маалыматка ылайык, 17-19-сентябрь күндөрү өтчү биринчиликке 17 мамлекеттин жарандары катыша алат. Анда спортчулар эки дистанцияда ат салышат. Super sprint категориясындагылар 300 метр сууда сүзүп, сегиз чакырымды велосипед менен өтүп, эки чакырым чуркайт. Sprint категориясында 750 метр сууда сүзүп, беш чакырым чуркап, 20 чакырымды велосипед менен багындырат.

Ал эми спорт сүйүүчүлөрү сууда 300 метр сүзүп, 10 чакырымдык веложарышка катышып, эки чакырым чуркайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0