Кыргызстандык мушкер EMIR FC лигасынын чемпиондук куру үчүн таймашат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин жамынган мушкер. Архив
Кыргызстандын желегин жамынган мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
Уюмдун мелдеши 3-сентябрда Москва шаарында өтөт. Ал Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына карата уюштурулууда.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Азиз Сатыбалдиев EMIR FC лигасынын чемпиондук куру үчүн таймашат. Бул тууралуу аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от EFC (Emir FC) (@emirfc_mma)

EMIR FC Global – 007 мелдеши 3-сентябрда Москва шаарында өтүп, ал Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына карата уюштурулат.

"Турнирге Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Украина жана башка өлкөлөрдүн атактуу мушкерлери катышат. Кеченин башкы беттешинде Азиз Сатыбалдиев (Кыргызстан) менен Асланбек Каров (Россия) кез келет. Алар баш байге, EMIR FC уюмунун чемпиондук куру үчүн кармашат", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандык атлет ММА спортунда 21 беттешке чыгып, 16сын уткан.

Азиз Сатыбалдиев беделдүү UFC уюму менен 2020-жылы келишим түзгөн. Бирок азыркыга чейин аталган уюмдун алкагында бир да жолу беттешке чыга элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0