Кыргыз мушкери АКШдагы TITAN FC уюмунун чемпиондук наамы үчүн ат салышат

© Фото / Pexels / Bruno BuenoМушкер. Архив
Мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
Беттеш ушул жылдын 17-сентябрында АКШнын Майами шаарында өтүүчү TITAN FC 72 мелдешинде болот. Ал уюмдун учурдагы чемпиону менен таймашат.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Рыскулбек Ибраимов АКШдагы TITAN FC лигасынын жеңил салмактагы чемпиондук наамы үчүн таймашат. Бул тууралуу аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына маалымат чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Titan FC (@titanfighting)

Анын атаандашы бразилиялык мушкер, учурдагы чемпион Виктор Диас экени айтылды. Беттеш ушул жылдын 17-сентябрында АКШнын Майами шаарында өтүүчү TITAN FC 72 мелдешинде болот.

Кыргызстандык мушкер ММА спортунда 23 беттешке чыгып, 19 ирет атаандашын уткан. Төрт ирет жеңилген. Ал эми Виктор Диас 11 беттешке чыгып, тогуз ирет жеңишке жетип, эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0