Мейрамбек Ахметов Ослодо өтчү дүйнө чемпионатында калыстык кылат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремония вручения государственных наград призерам и участникам XXXII Олимпийских игр в Токио
Церемония вручения государственных наград призерам и участникам XXXII Олимпийских игр в Токио - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Дүйнөлүк уюм чемпионатты тейлөө үчүн тандалган 55 мыкты калыстын тизмесин жарыялады. Анда кыргызстандык адис 31-катарда турат.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму Кыргызстандын олимпиадалык категориядагы калысы Мейрамбек Ахметовду спорттук күрөш боюнча Осло шаарында өтчү дүйнө чемпионатынын беттештерин тейлөөгө чакырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди. 

Дүйнөлүк уюм чемпионаттын беттештерине калыстык кылуу үчүн тандалган 55 мыкты калыстын тизмесин жарыялады. Анда кыргызстандык адис 31-катарда турат.

"UWW уюмунун эл аралык категориядагы калысы, кыргызстандык Мейрамбек Ахметов грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинин беттештерин тейлөөгө чакырылды. Мелдеш 2021-жылдын 2-10-октябрь күндөрү Норвегиянын баш калаасы Осло шаарында өтөт", — деп белгиленет билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Ахметов жакында эле Японияда өткөн Олимпиада оюндарында да калыстык кылды. Ага чейин март айында Венгрияда өткөн Олимпиадага жолдомо берилүүчү мелдештин беттештерин да тейлөөгө чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0