Хабиб Нурмагомедов афгандыктардан кечирим сурады. Себеби

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүБывший чемпион UFC в легком весе, владелец лиги EFC Хабиб Нурмагомедов
Бывший чемпион UFC в легком весе, владелец лиги EFC Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Буга чейин айрым фанаттар Нурмагомедовду Афганистанга карата өзүнүн позициясын билдирбегени үчүн катуу сынга алышкан.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов Афганистандагы кырдаал тууралуу айткан пикирине комментарий берип, сөзүнө таарынгандардын баарынан кечирим сурады. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.

Нурмагомедов 18-августта кенен маалымат жыйын курган. Анда журналисттер Афганистандагы абал тууралуу көз карашын сураган. Мушкер Афганистанга эч кандай тиешеси жоктугун белгилеп, ал суроого жооп бергенден баш тарткан. Экс-чемпиондун бул айткандарына капаланган айрым күйөрмандар анын Instagram баракчасына сындаган комментарийлерди жазган.

"Мен саясат тууралуу сүйлөгүм келген эмес. Ал пикирим үчүн мен күйөрмандардан чындыгында катуу сын уктум. Айтканымды кайрадан көрүп чыктым. Көрсө менин "миң чакырым алыстагы Афганистанга эч кандай тиешем жок" деген сөзүм орой айтылыптыр", — деген спортчу.

На Хабиба Нурмагомедова попытались напасть — видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Хабиб Нурмагомедовго Нижний Новгороддо кол салуу болду. Видео
Хабиб афган эли менен тыгыз байланышы бар экенин, ал АКШда афгандыктар эң көп жашаган аймакка жакын жерде турарын белгилеген.

"Мындан тышкары, менин Афганистандан келген көптөгөн досторум, жакын адамдарым бар. Суроого жооп берип жатып мен саясий кырдаал тууралуу сөз кылууну каалабаганымды билдирейин деген болчумун. Эгер менин сөзүм кимдир-бирөөнү таарынткан болсо, анда алар мени кечирет деп үмүттөнөм. Мен алардан кечирим сурагандан уялбайм, ар бир инсан жаңылат", — деген мушкер.

Нурмагомедов ошондой эле Афганистандын тургундары эбегейсиз чыдамкай эл экенин кошумчалап, ал жактагы кырдаалдын курчушу кейиштүү окуя экенин айткан.

"Афганистан башынан не деген гана күндөрдү өткөрбөдү, эли чыдамкай. Элине аябай оор болду. Кабатыр болдум. Аларга жакшылыктарды каалайм", — деп билдирди ал.

UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Рафаэль Физиев Хабиб Нурмагомедовдун мушташуу стилин жактырбайт. Видео
Афганистандагы абал акыркы жумаларда талибдер ири шаарларга кол салгандан тарта курчуду. ЖМКлар жана маалымат булактар 15-августтан тарта "Талибан"* согушкерлери өлкөнүн бардык чек ара өткөрмө бекеттерин көзөмөлгө алганын жазышты. Ошол эле күнү кечирээк согушкерлер Кабулга кирип, президенттик сарайды колго алганын билдирип чыгышкан. Президент Ашраф Гани "кыргынды болтурбоо үчүн" өлкөдөн чыгып кеткенин айтты. Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибан" кыймылынын саясий кеңсесинин расмий өкүлү Мухаммед Наим өлкөдө дээрлик 20 жылга созулган согуш аяктаганын жар салып, мамлекетти башкаруунун жаңы формасы жакынкы күндөрү анык болорун билдирген.

"Талибан"* —  Кыргызстанда жана башка бир катар мамлекеттерде террордук топ катары тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0