Айсулуу Тыныбекова спортчу болбосо ким болмок? Балбан кыздын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтервью серебряной медалистки ОИ в Токио Айсулуу Тыныбековой МИА Sputnik Кыргызстан
Интервью серебряной медалистки ОИ в Токио Айсулуу Тыныбековой МИА Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Тыныбекова Токио Олимпиадасында 62 килограмма салмак категориясы боюнча беттеште финалга чыгып, 3:4 эсебинде япониялык спортчуга утулуп калган.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргыздын сыймыгы, Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова спортчу болбосо медицина же укук коргоо тармагында иштемек. Бул тууралуу балбан Sputnik Кыргызстан агенттигине курган маегинде билдирди.

"Медицина, укук коргоо тармактарынын кызматкери болууга тандоо мүмкүнчүлүгү берилген. Бирок жан дүйнөм спортту тандап алды. Ошол себептен жашоомду спортко арнадым", — деди дүйнө чемпиону.

Эскерте кетсек, Тыныбекова Токио Олимпиадасында 62 килограмм салмак категориясы боюнча беттеште финалга чыгып, 3:4 эсебинде япониялык спортчуга утулуп калган.

Айсулуунун кызыктуу маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окууга болот. Бул балбан кыздын Олимпиададан кийинки алгачкы интервьюсу.

Жаңылыктар түрмөгү
0