Автоунааны өз акчасына сатып алып... Олимпиадачыларга кандай сыйлыктар ыйгарылган

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТокио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада — 2020 оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары
Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада — 2020 оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Sputnik агенттигинин кабарчысы Олимпиада оюндарында байге менен кайткан спортчуларга Кыргызстандын бийлиги кандай сыйлыктарды ыйгарганын эстеп көрдү.

Бүгүн президент Садыр Жапаров Токио Олимпиадасынын катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды. Улуттук курама команданын бардыгына ыраазычылык жарыяланып, байгелүү кайткандарга Манас ордени, акчалай сыйлык жана Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа берилди. Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов 10 миллион сомдон алса, Мээрим Жуманазаровага 7 миллион сом ыйгарылды. Президенттин атынан берилген Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаалар 39 миң доллар турары белгилүү болду.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров вручает сертификат серебряному медалисту Олимпийских игр в Токио Акжолу Махмудову на торжественной церемонии вручения государственных наград призерам и участникам XXXII Олимпийских игр в Токио в госрезиденции Ала-Арча. 23 августа 2021 года
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды - Sputnik Кыргызстан
1/6
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров показывает автомобиль марки Toyota Rav 4 серебряному медалисту Олимпийских игр в Токио Акжолу Махмудову на торжественной церемонии вручения Токио в госрезиденции Ала-Арча. 23 августа 2021 года
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды - Sputnik Кыргызстан
2/6
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров вручает сертификат серебряной медалистке Олимпийских игр в Токио Айсулуу Тыныбековой на торжественной церемонии вручения государственных наград призерам и участникам XXXII Олимпийских игр в Токио в госрезиденции Ала-Арча. 23 августа 2021 года
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды - Sputnik Кыргызстан
3/6
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров показывает автомобиль марки Toyota Rav 4 серебряной медалистке Олимпийских игр в Токио Айсулуу Тыныбековой на торжественной церемонии вручения в госрезиденции Ала-Арча. 23 августа 2021 года
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды - Sputnik Кыргызстан
4/6
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров вручает сертификат бронзовой медалистке Олимпийских игр в Токио Мээрим Жуманазаровой на торжественной церемонии вручения государственных наград призерам и участникам XXXII Олимпийских игр в Токио в госрезиденции Ала-Арча. 23 августа 2021 года
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды - Sputnik Кыргызстан
5/6
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров дарит автомобиль марки Toyota Rav 4 бронзовой медалистке Олимпийских игр в Токио Мээрим Жуманазаровой на торжественной церемонии вручения Токио в госрезиденции Ала-Арча. 23 августа 2021 года
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды - Sputnik Кыргызстан
6/6
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды
1/6
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды
2/6
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды
3/6
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды
4/6
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды
5/6
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды
6/6
XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучулары сыйланды

Sputnik агенттигинин кабарчысы Олимпиада оюндарынан медаль менен кайткан спортчуларды бийлик кантип сыйлаганын эстеп көрдү.

Медалдардын саны боюнча Кыргызстан үчүн 1980-жылдагы жайкы Олимпиада эң ийгиликтүү болгон. Москвада кыргызстандык спортчулар 8 медаль алып болуп көрбөгөндөй ийгилик жараткан. Анын бешөө алтын болчу. Москва Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин айтымында, Советтер Союзу учурунда спортчуларды материалдык жактан колдоого азыркыдай көңүл бурулган эмес.

© Sputnik / Данияр СандыбаевМосква Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин айтымында, Советтер Союзу учурунда спортчуларды материалдык жактан колдоого азыркыдай көңүл бурулган эмес
Автоунааны өз акчасына сатып алып... Олимпиадачыларга кандай сыйлыктар ыйгарылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Москва Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин айтымында, Советтер Союзу учурунда спортчуларды материалдык жактан колдоого азыркыдай көңүл бурулган эмес
"Кыргыз ССР тарабынан мага 475 рубль, кол саат, ардак грамота жана эстелик жетону берилген. Ошондой эле Сатымкул экөөбүзгө (Москвада өткөн Олимпиададан коло алган, марафончу Сатымкул Жуманазаров – ред.) "Волга" автоунаасын кезексиз сатып алууга мүмкүнчүлүк берилген. Машинаны өзүбүздүн каражатыбызга алганбыз. СССРден 2000 рубль алгам", — деди Осмоналиев.

Анын айтымында, 457 рубль ошол учурда анча деле көп акча эмес болчу.

"Бул каражат министрдин бир айлык маянасы эле", — деди оор атлетчи.

© Фото / предоставлено Кабылом МакешовымЭгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы биринчи Олимпиада медалын дзюдочу Айдын Смагулов 2000-жылы алган
Автоунааны өз акчасына сатып алып... Олимпиадачыларга кандай сыйлыктар ыйгарылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы биринчи Олимпиада медалын дзюдочу Айдын Смагулов 2000-жылы алган

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы биринчи Олимпиада медалын дзюдочу Айдын Смагулов 2000-жылы алган. Сиднейде өткөн оюндарда жараткан ийгилиги үчүн ага Бишкектен бир бөлмөлүү батир жана беш миң доллар берилген. Кийин дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Даңк медалы менен сыйланган.

Афинада (Греция) өткөн Олимпиада оюндарында Кыргызстандын бир дагы спортчусу ийгилик жарата алган эмес.

© Sputnik / Табылды КадырбековКүмүш байге алган Канат Бегалиевге мамлекеттин атынан 100 миң доллар берилген
Автоунааны өз акчасына сатып алып... Олимпиадачыларга кандай сыйлыктар ыйгарылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Күмүш байге алган Канат Бегалиевге мамлекеттин атынан 100 миң доллар берилген

2008-жылкы Пекиндеги (Кытай) таймаштарда Кыргызстандын спортчулары үч медаль менен кайткан. Күмүш байге алган Канат Бегалиевге мамлекеттин атынан 100 миң доллар берилген. Ал эми коло байге ээси Руслан Түмөнбаевге 75 миң доллар ыйгарылган. Спортчуларга мындан башка Mitsubishi Pajero үлгүсүндөгү жолтандабас тапшырылган. Салтанаттуу азем Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, байге ээлери Даңк медалы менен сыйланган.

© Фото / предоставлено Кабылом МакешовымАл эми коло байге ээси Руслан Түмөнбаевге 75 миң доллар ыйгарылган
Автоунааны өз акчасына сатып алып... Олимпиадачыларга кандай сыйлыктар ыйгарылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Ал эми коло байге ээси Руслан Түмөнбаевге 75 миң доллар ыйгарылган

2012-жылы Лондонго Кыргызстандын атынан 14 спортчу барып бири дагы олжолуу кайткан эмес.

Ал эми 2016-жылкы Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиада оюндарынын алдында бийлик спортчуларга мотивация болсун деп алтын медаль үчүн 7 миллион сом, Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унаа жана Бишкектен батир убадалаган.

Күмүш байге ээлерине 5 миллион сом, батир жана Toyota Camrу автоунаасы, коло байге алгандарга 3,5 миллион сом, турак жай жана Toyota Corolla убадаланган. Мындан тышкары, бийлик тарыхта биринчи ирет ийгилик жараткан спортчулардын машыктыруучуларын дагы сыйламай болгон (батир берилмек). Тилекке каршы, мындай стимулга карабастан бир дагы спортчу кыргызстандыктарды медаль алып кубандыра алган эмес. Улуттук курама команданын капчыгында жалгыз коло байге бар болчу. Бирок штангист Иззат Артыковдун канынан допинг табылды деген жүйө менен Спорттук арбитраждык сот аны медалынан ажыраткан.

© Sputnik / Табылды КадырбековБирок штангист Иззат Артыковдун канынан допинг табылды деген жүйө менен Спорттук арбитраждык сот аны медалынан ажыраткан
Автоунааны өз акчасына сатып алып... Олимпиадачыларга кандай сыйлыктар ыйгарылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Бирок штангист Иззат Артыковдун канынан допинг табылды деген жүйө менен Спорттук арбитраждык сот аны медалынан ажыраткан
Жаңылыктар түрмөгү
0