Айсулуу Тыныбекова президенттин сыйлоо аземине ата-энесин ээрчите келди. Сүрөт

© Фото / Нурпери Садырбекова Серебряная призерка Олимпиады в Токио Айсулуу Тыныбекова
 Серебряная призерка Олимпиады в Токио Айсулуу Тыныбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Буга чейин президент Садыр Жапаров Токио Олимпиадасынан байгелүү кайткан спортчуларга өзүнүн атынан белек камдап жатканын билдирген.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесин уткан кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова президент менен боло турчу жолугушууга ата-энесин ээрчите келди. Айсулуунун ата-энеси менен Өкмөт үйүнүн алдындагы сүрөтүн спортчунун жакын курбусу Нурпери Садырбекова Facebook баракчасына чыгарды.

Садырбекова спортчу кыздын ата-энесине көрсөткөн өзгөчө сый мамилесин баса белгилеген. 

© Фото / Нурпери Садырбекова Серебряная призерка Олимпиады в Токио Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова президенттин сыйлоо аземине ата-энесин ээрчите келди. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Серебряная призерка Олимпиады в Токио Айсулуу Тыныбекова

Эсертек кетсек, бүгүн мамлекет башчы Садыр Жапаров Олимпиада-2020 оюндарынан медаль алган спортчулар менен Кыргызстандын курама командасына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Буга чейин президент Токиодон байгелүү кайткан спортчуларга өзүнүн атынан белек камдап жатканын билдирген.

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү) менен Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү) күмүш медаль утушкан. Ал эми Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү) коло медаль менен кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0