Бүгүн президент Жапаров Олимпиада спортчуларына сыйлык тапшырат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов менен. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов (күмүш медаль), Айсулуу Тыныбекова (күмүш медаль) жана Мээрим Жуманазарова (коло медаль) байгелүү орундарды ээлешкен.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, Олимпиада оюндарынан медаль алган спортчулар менен Кыргызстандын курама командасына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Акжол Махмудов качан үйлөнөт. Балбандын атасы Мухамед Махмудовдун видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Акжол Махмудов качан үйлөнөт. Балбандын атасы Мухамед Махмудовдун видеомаеги
Иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында чагылдырылат. Эфир саат 09:55те башталат.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Олимпиададан байгелүү кайткан спортчуларга өзүнүн атынан белек камдап жатканын билдирген.

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов (күмүш медаль), Айсулуу Тыныбекова (күмүш медаль) жана Мээрим Жуманазарова (коло медаль) байгелүү орундарды ээлешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0