Кыргызстандын волейболчу кыздары Борбор Азия чемпионатында 3-орунду ээледи

© Фото / пресс-служба Федерации волейбола КРКыргызстандын волейбол боюнча кыздар курама командасы. Архив
Кыргызстандын волейбол боюнча кыздар курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Жазылуу
Улуттук команда алгачкы беттешинде казакстандык атаандаштарына утулуп калган. Андан кийин Тажикстанды жеңген.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстандын волейбол боюнча кыздар командасы Борбор Азия чемпионатында үчүнчү орунду ээледи. Бул туурасында өлкөнүн Волейбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, улуттук команда алгачкы беттешинде казакстандык атаандаштарына утулуп калган. Андан кийин Тажикстанды утуп жарым финалга чыккан. Бул мелдеште Өзбекстан менен кез келип, тилекке каршы, жеңилүү ызасын тартты. Натыйжада кыздар командасы үчүнчү орунга ээ болду. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын эркектер командасы кечээ жарым финалда Өзбекстанды утуп алган. Бүгүн кечки саат 17:30да Казакстандын волейболчулары менен баш байге үчүн ат салышат.

Волейбол боюнча Борбор Азия чемпионаты Өзбекстандын Фергана шаарында өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0