Эстен тандырган соккусу менен таанымал Мамашов сентябрда кезектеги беттешине чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанский боец Алтынбек Мамашов
Кыргызстанский боец Алтынбек Мамашов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандык мушкердин таймашы аталган уюмдун 24-сентябрда Москва шаарында өтүүчү ACA 129 мелдешинде болот.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Absolute Championship Akhmat (ACA) мушкерлер уюмундагы кыргызстандык спортчу Алтынбек Мамашовдун кезектеги беттеши 24-сентябрда болот. Мушкер Түштүк Африкалык Марк Хульм менен кез келерин аталган уюм Instagram баракчасына жарыялады. 

ACA лигасы Мамашовду эстен тандыргыч мушкер деп сыпаттаган.

“Беттештеринин дээрлик 100 пайызын мөөнөтүнөн мурда жеңип, ал турсун 2021-жылдагы жарым жылдыкта мыкты нокауттун автору болгон Алтынбек ар бир кармашында көрүүчүлөргө кызыктуу оюн тартуулайт. Ал эми Түштүк Африка өкүлү грэпплинг спортунун чебери. Бул таймашта ким фоварит?” — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Чемпиондук кур, 1 млн. рубль. Абдыкааровдун Гран-при мелдешин уткан видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Чемпиондук кур, 1 млн. рубль. Абдыкааровдун Гран-при мелдешин уткан видеосу
Бул кармаш аталган уюмдун 24-сентябрда Москва шаарында өтүүчү ACA 129 мелдешинде болот.

Алтынбек Мамашов ММА спортунда 16 беттешке чыгып, 14 атаандашын уткан. Бир жолу жеңилип, дагы бир кармашта тең чыккан. Ал эми анын атаандашы Марк Хульм 14 беттешке чыгып, 10 атаандашын уткан. Төрт жолу утулган.

Эскерте кетсек, кыргызстандык мушкер лиганын жарым жылды жыйынтыктаган сурамжылоосунда мыкты нокауттун автору деп табылган. Алтынбек Мамашов ACA уюмунун 2021-жылдын 11-июнунда өткөн мелдешинде россиялык Василий Курочкинди нокаутка кетирген. Беттештин экинчи раундунда атаандашы алдыга умтулуп чабуул жасаган. Бул учурда Мамашов кубаттуу сокку уруп, атаандашы эс-учун жоготуп жатып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0