Ай-буйга келтирбей. Балбан Акыйкат Дүйнө чемпионатынан коло алган видео

© Sputnik / Владимир АстапковичОлимпиада-2020. Борьба. Третий день
Олимпиада-2020. Борьба. Третий день - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
Кулжигит уулу таймаштын 1/8 бөлүгүндө утулуп калган өзбекстандык атаандашы финалга чыккандыктан коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Акыйкат Кулжигит уулу коло медалга ээ болду.

Спортчу 55 килограммга чейинки салмак категориясында тажикстандык Аслонжон Азизов менен кез келип, 40 секунддун ичинде 9:0 эсеби менен утуп алды.

Кулжигит уулу таймаштын 1/8 бөлүгүндө утулуп калган өзбекстандык атаандашы финалга чыккандыктан коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Жубатуучу кармашта румыниялык балбанды 8:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен жеңген.

Биринчилик Уфа шаарында өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0