Сүйүнчү! Сезим Жуманазарова дүйнө биринчилигинде коло байге утту. Видео

© Photo / United World Wrestling / Kadir CЧемпионате мира по борьбе среди молодежи в Уфе
Чемпионате мира по борьбе среди молодежи в Уфе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинде балбан кыз коло байге үчүн таймашта жеңишке жетти. Ал 57 килограмм салмакта күрөшкөн.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Сезим Жуманазарова жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан коло байге утту. 

Ал польшалык Патриция Ева Стрельчик менен таймашып, 9:4 эсебинде жеңишке жетишкен. Беттеш аяктаган соң балбан кыз менен атасы (машыктыруучу Рахмадила Жуманазаров — ред.) сүйүнүчтөн көздөрүнө жаш алды.

Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Калмира Билимбек кызы жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин утту
Бүгүн спортчу кыз көңүл жубатуучу беттеште Шри-Ланка балбаны Нетми Ахинса Фернандо Порутотэйжди 15:4 эсебинде техникалык артыкчылык менен жеңген.

Кыргызстандык кыз баштапкы этапта швециялык Нелли Анна Регина Флорентинди утуп, чейрек финалда италиялык Аврора Руссого жеңилген. Руссо финалга чыгып, Сезим көңүл жубатуучу беттешке чыкканга мүмкүнчүлүк алган.

Жаштар арасындагы дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат. Сезим Жуманазарова 57 килограмм салмакта килем үстүнө чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0