Кыргызстандык балбан Абдуллаев Дүйнө чемпионатынан коло медаль утту. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековБалбандар беттеш учурунда. Архив
Балбандар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Абдуллаев үчүнчү орун үчүн болгон кармашта казакстандык балбан менен күч сынашып, 4:1 эсебинде жеңип алды.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Мухаммад Абдуллаев жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынан коло медаль утту. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.

Абдуллаев эркин күрөш боюнча 79 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыккан. Ал үчүнчү орун үчүн кармашта казакстандык Махамбет Нуржаубаев менен күч сынашып, 4:1 эсебинде утуп алды.

Күрөш боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпионаты Башкыртстандын Уфа шаарында өтүп жатат. Мелдештер 22-августка чейин созулат.

Кыргызстандын намысын коргоп жаткан балбандардын тизмеси менен да таанышып алсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0