Элдин колдоосун сездим. Мээрим Жуманазарованын Олимпиададан кийинки алгачкы маеги

© AFP / JACK GUEZТокио Олимпиадасында коло медаль уткан Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова. Архив
Токио Олимпиадасында коло медаль уткан Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Мээрим Жуманазарова дегенде ар бир кыргызстандык Олимпиада оюндарында намыска жарап коло байге уткан жылдыздуу, жүзүнөн жылмаюу кетпеген кызды элестетип калды.

Жалпы элдин сыймыгы Мээрим Жуманазарова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Гүлдана Талантбекова менен маек курду.

Эске салсак, 3-августта Жуманазарова күрөш боюнча 68 килограмм салмак категориясында Олимпиаданын коло медалын утуп алган. Муну менен ал кыз-келиндер күрөшүнөн Олимпиадада медаль алган алгачкы кыргызстандык балбан болуп калды. Ал болгону 21 жашта.

© Sputnik / Табылды КадырбековБалбан Мээрим Жуманазарова Токио Олимпиадасында коло байге багындырды
Элдин колдоосун сездим. Мээрим Жуманазарованын Олимпиададан кийинки алгачкы маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Балбан Мээрим Жуманазарова Токио Олимпиадасында коло байге багындырды

— Мээрим, жеңиш кут болсун! Кубанычтуу күндөн бери бир жума өттү, азыр кандай сезимде болуп жатасыз?

— Токиодо күрөшөргө чейин интернетти жыйыштырып, баш-отум менен мелдешке даярданып жүрдүм. Күрөшүп бүткөндөн кийин интернетке кирсем элдин баары биздин кармаштарды башкы аянттан, ЦУМдан көрүптүр. Аябай жүрөгүм жылып толкундандым, элдин колдоосун сездим. 2012, 2016-жылдары Олимпиада оюндарында медаль жок болду, кыргызстандыктар жеңишке суусап турган экен. Кудай таалам элди сүйүнткөнгө себепкер кылганына абдан кубандым.

— Азыр бизге машыгуудан түз келдиңиз. Эс албай эле кайра залга барып жаткан турбайсыңарбы?

— Буга чейин күнүнө эки маал машыкчубуз. Такыр жыйыштырып салган дагы болбойт. Активдүү эс алуу деп коет эмеспи, тоого чыгып, чуркап, форманы сактап жатабыз. Бирок көп кыйналган жокпуз, кантсе да эс алуу керек. Биз дагы, машыктыруучулар да моралдык жактан чарчап турат. 

— Пандемияга байланыштуу Токио Олимпиадасынын жылып кетиши дагы айрым спортчуларга пайдалуу болду окшойт. Себеби сиз 2019-жылы Нур-Султандагы чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатына катыша албай калгансыз, ал жакта лицензия берилмек. Жолдомону быйыл алдыңыз.

— 2019-жылы жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинде жалпысынан төрт беттеш өткөрдүм. Ошонун экинчи кармашында биздин салмактагы фаворит, россиялык Ханум Велиева менен беттешип жатып ийинимен жаракат алгам. Ага чейин эски жарааттар бар болчу. Беттеш учурунда ийиним чыгып, кайра кирип кеткен. Бул мелдештен аябай алтын алгым келип, чоң каалоо менен баргам. Колум чыкканда мен үчүн жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты ушуну менен бүтүп калабы деп жаман болдум. Ушунун айынан эртеси финалда утулуп, күмүш алдым.

Карантин болгону, Олимпиаданын бир жылга жылганы мага бир четинен пайда алып келди. 2020-жылы өтсө лицензия алганга дагы, Олимпиадага катышканга дагы мүмкүнчүлүк болбойт болчу. Болсо да кайра колумду оорутуп алмакмын, жакшы айыга элек эле.

— Токиого бара жатканда план кандай болду эле, кандай ийгиликке жетүүнү ойлондуңуз?

— Бул менин биринчи Олимпиадам. Алгач лицензия алууну максат кылганбыз, ага жеткенден кийин дитибизди Олимпиадага койдук. Бардык спортчу алтын алгысы келет. Күмүштөн да, колодон да баалуу эмеспи. Пьедесталда, өлкөңдүн гимни ойнойт, бул сөз менен айтып бере алгыс сезим. Мен дагы алтын алгым келген. Бирок 2020-жылы жаракаттын айынан алтын эмес, коло дагы утмак эмесмин, жадагалса лицензияга ээ болушум күмөн эле. Кудайга шүгүр, элимди коло менен да кубанта алдым.

© AFP / JACK GUEZБиринчи кармаштарын ийгиликтүү баштаган Мээрим чейрек финалда нигериялык балбан Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган
Элдин колдоосун сездим. Мээрим Жуманазарованын Олимпиададан кийинки алгачкы маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Биринчи кармаштарын ийгиликтүү баштаган Мээрим чейрек финалда нигериялык балбан Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган

— Чейрек финалда нигериялык балбанга утулуп калдыңыз. Ушуну менен бүттү же үчүнчү орун үчүн бар күчтү жумшоо керек деген эки башка ой кетет эмеспи...

— Биринчи беттеш тобокелдүү болду. Тогуз секунда калганда эки упай алып суурулуп чыктым. Экинчи кармашта 3:2 эсебинде нигериялык спортчуга утулуп жаман болдум. Башымдан көп кыйынчылык өтүп, анан ушинтип келип туруп утулуп каламбы деп ичимен күйүп кеттим. Автобустан мейманканага барганга чейин ыйлап бардым, өзүмдү кармай албай койдум. Бирок бугум чыгып, эртеси күнү кадимкидей жеңилдеп калыптырмын. Нигериялык кыз утулса үчүнчү орунга да күрөшө албайт болчумун, кудайдан анын жеңишин тиледим. Кечинде анын беттешин көргөнү бардым. Ошол убакта Айсулуу эже (Тыныбекова) дагы финалга чыгып, нигериялык балбан да атаандашын утуп, мен коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Көңүлүм көтөрүлүп, кийинки кармаштарга даярдана баштадым.

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWБирок атаандашы финалга чыкканына байланыштуу коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган
Элдин колдоосун сездим. Мээрим Жуманазарованын Олимпиададан кийинки алгачкы маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Бирок атаандашы финалга чыкканына байланыштуу коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган

— Коло үчүн кармашта сиз монголиялык балбандын далысын жерге тийгизип, калыс беттешти токтоткондо биринчи оюңузга эмне келди?

— Эмнеси болсо да утушум керек деп өзүмдү даярдап жаткам. Жеке машыктыруучум Чынарбек Изабеков агай менен WhatsApp аркылуу сүйлөшүп жаттык, ал "кандай кыйынчылык болбосун ут" деди. Мен үчүн Чынарбек агайдын, башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун, ата-энемдин көп эмгеги кетти. Агайым дайыма "Мээрим, ар бир кармашыңа утам деп чык" деп, дем-күч берет. Монголиялык атаандашымдын далысын жерге тийгизип баштаганда аягына чейин басыш керек болду, антпесе көтөрүп чапмак. Негизи эле ал атаандаш көтөрүп чабууларга басым жасап, акыркы секундаларда кыздарды "ыргытып" жиберчү. Утканымда сүйүнүп көз жашымды тыя албай койдум.

— Нигериялык балбан менен беттешкенге караганда монголиялык кыз менен күрөштө машыктыруучулардын койгон ыкмаларын так аткара алсаңыз керек деп ойлойм.

— 21 жаштамын, 22ге ноябрда чыгам. Нигериялык менен монголиялыктай тактика менен күрөшсөм утуп алмакмын, өзүм катачылык кетирдим, моюнга алам. Ал күчтүү экен, туруштук берем деп жатып жылып-жылып иштей албай калып, бир орунда туруп калдым. Аны алдап жеңиш керек эле, агайлардын айткандарын толук аткарган жокмун.

© Sputnik / Табылды КадырбековМээрим: Олимпиада 2020-жылы өтсө коло байге эмес, лицензия алууга дагы мүмкүнчүлүк болмок эмес
Элдин колдоосун сездим. Мээрим Жуманазарованын Олимпиададан кийинки алгачкы маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Мээрим: Олимпиада 2020-жылы өтсө коло байге эмес, лицензия алууга дагы мүмкүнчүлүк болмок эмес

— Ар кандай себептер менен биринчи машыктыруучуңуз жана атаңыз Рахмадил мырза, Чынарбек Изабековдор Токиого бара албай калганы айтылып, социалдык тармакта да талкуу болгон. Алардын жок экени билиндиби?

— Жанымда болсо жакшы болмок. Бирок интернет аркылуу сүйлөшүп жаттык.

Кыргызстандык балбан  Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Мекенди кантип сүйүш керектигин үйрөттүң! Айсулуу Тыныбековага жолдонгон кат
Учурдан пайдаланып агайларыма терең ыраазычылык айта кетейин. Менин эң биринчи машыктыруучум, секундантым — атам Рахмадил. Нурбек Изабеков агайдын колунда эки жылдай машыктым, азыр ал жалпы кыз-келиндер командасынын башкы машыктыруучусу. Агайды биздин айылдагы турнирге барганда көрүп таанышып, кичинекей кезимде командасы менен машыгууларга чогуу барып, көп нерсе үйрөндүм. Фундамент күчтүү болсо үй дагы бекем болот эмеспи. Жеке машыктыруучум Чынарбек Изабеков спорт үчүн көп нерсе кылат, эмгеги зор, бирок көп айта бербейт. Өзүнүн жеке залында канчалаган балдар машыгып, жашап келишет. Үй-бүлөсү да үлгүлүү, жубайы, балдары жакшы адамдар.

— Азыр 68 килограмм салмакта күрөшөсүз. Өлкөдө бул категорияга атаандаштыктын жоктугу сизге таасирин тийгизеби? 

— Учурда Кыргызстанда дээрлик атаандаш жок. Келечекте чыгып калса экен дейм. Кыргызстанда кыз-келиндер күрөшү өнүгүп келе жатат. Айсулуу эжени, Айперини, мени көрүп кыздар өсүүдө. Беш-он жылдан кийин дагы мыкты кыздар чыгып, биз коло алсак, алар алтын багындырып калат.

68 килограмм салмакта өзүмдү жакшы сезем. Адатта спортчулардын салмак категориясы Олимпиада комитетинин чечими менен өзгөрүп кетет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от zhumanazarova Meerim (@zhumanazarova__m)

— Instagram катталуучуларыңыздын саны жеңишиңизден кийин аябай өсүптүр. Социалдык тармакта кыз-эркегине карабай сиздин сулуулугуңузга, өзгөчө жылмайганыңызга суктангандар көп болду.

— Бардыгы эле жылмайганыңыз жакты деп жазып жатышат. TikTok тармагында мени "Крашиха" (эң жагымдуу, сулуу) деп атаган видеолорду жөнөтүп жатышат. Жылуу пикир жазгандарга ыраазычылык, бардыгына жооп бергенге жетишпей жатам.

— Азыр токтоо, бир мүнөз, жылмайып жүргөн адамсыз. Атаңыз кичинекей кезиңизде тентек болчу дептир, мага берген маегиңизде нак балбандардай 4 килограмм болуп төрөлгөм, анча-мынча балдарды какус-кукус кылып койчумун дегенсиз. Буларды көп киши биле бербесе керек.

— Кичинекейимде аябай бейбаш болчумун. Кошуналар, таякемдер балдары менен күрөштүрчү, баарын утуп салчумун. Жашоодо ар кандай нерселер болот экен. Чыңалып отуруп мүнөзүң да өзгөрөт тура. Азыр ушундаймын (күлүп).

— Күйөрмандар көбөйдү деп калдык, машыгуу, спорт менен жүрүп жеке жашоого убактыңыз аз болсо керек.

— Эки жумалык эс алууда үй-бүлөм, бир туугандарым жана жакын досторум менен убакыт өткөрсөмбү дейм. Андан кийин КМШ оюндары мелдешине даярданып, кайрадан өлкө намысын коргойбуз деген ниеттебиз.

— Жеке дегеним, жигиттер менен сүйлөшүүгө деле убакыт жоктур...

— Азыр эч ким менен деле олуттуу мамиле курган жокмун.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖуманазарова: 2012, 2016-жылдары Олимпиада оюндарында медаль жок болду, кыргызстандыктар жеңишке суусап турган экен. Кудай таалам элди сүйүнткөнгө себепкер кылганына абдан кубандым.
Элдин колдоосун сездим. Мээрим Жуманазарованын Олимпиададан кийинки алгачкы маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жуманазарова: 2012, 2016-жылдары Олимпиада оюндарында медаль жок болду, кыргызстандыктар жеңишке суусап турган экен. Кудай таалам элди сүйүнткөнгө себепкер кылганына абдан кубандым.

— Айрым спортчулар жеке мамиле куруудан качып, муну машыгуу процессине таасирин тийгизери менен түшүндүрүп келет.

— Билбейм, ар кимдики ар кандай го. Жагып, сүйүп калсам балким сүйлөшөрмүн. Андай башым айланып жактырып калган учурлар деле боло элек.

— Атаңыз машыктыруучу катары кайсы бир куракка чейин ийгиликке жетип, турмушка чыкпай турушуңузду айтабы же бактыңды кармабайм деген пикирдеби?

— Атам бирөөгө күйөөгө берем, буга тийишиң керек, мынча жашыңда турмушка чык деп чектөө койбойт. Бирок кичинекейибизде бизди катуу кармачу. Атамдын көзүнө тике карагандан, анын айткан нерсесин жасабай койгондон коркчубуз, кирип келе жатканда тизилип турчубуз. Азыр атам жашы өткөнгөбү, бир топ жумшарды. Убагында бекем тартипте чоңойткону туура болгон деп ойлойм. Айрымдар "кызыңызга мынча калың берели, бербейсизби" деп келе беришет. Атам "жок, аны өзү эле таап коет" деп тамашалай берет. Өткөндө дагы бирөө "кызыңызга миллион калың берели, бербейсизби" десе, "кызым миллионду өзү деле таап алат" деп тамашалаптыр. Жуучулар келип сөйкө салалы десе, кыз менен баланы сүйлөштүрүп көрөлү, өздөрү чечсин деп айтат.

© Фото / Нурпери СадырбековаМээрим Жуманазарова башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова менен
Элдин колдоосун сездим. Мээрим Жуманазарованын Олимпиададан кийинки алгачкы маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Мээрим Жуманазарова башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова менен

— Планыңызда ушунча жашта турмушка чыгуу керек деген барбы?

— Бар, бирок айтпайм. Аялзаты болгондон кийин баары бактылуу эне болгусу келет. Бирок азыр оюмдун баары спортто, турмуш куруу оюмда жок. Турмушка чыгуу — эртеби-кечпи, боло турчу нерсе.

— Сиз менен тааныша турчу балдар сөзсүз спортчу болуш керекпи?

— Өзүм спортчу болуп анан жөнөкөй балага тийип алып чатакташып жүрбөйүн (студиядагылар көпкө чейин күлдүк). Тамаша. Балким спортчу, балким катардагы балдар жагып калар. Аны убакыт көрсөтөт.

— Үй-бүлөдө сизден башка да бир тууган сиңдилериңиз күрөшөт экен?

— Ооба, эки сиңдим бар. Сезим буюрса жакшы чыгып келе жатат, андан кийинкиси да машыгат. Бир байкем эркин күрөш боюнча спорт чебери, кийин ишине байланыштуу таштап салган.

Калгандары өз жумушу менен алек. Көп бир тууганбыз. Эгиз эжелеримдин бири Мунара Улукбек Жолдошбековго (эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону) турмушка чыккан. Атам машыктыруучу экенин айттым. Апам үй кожейкеси, кесиби боюнча фельдшер-лаборант.

— Сизде үй жумуштарына жардамдашканга убакыт болобу?

— Бир жумушту жасап туруп, мен кылдым десем көбү ишенбейт. Биз бир жылда ашып кетсе эки ай үйдө болобуз. Калган убакытты Көлдө жана чет мамлекетте, залда машыгуу менен өткөрөбүз. Сырттан тамак жегим келбейт, бирок айла жок, убакыт тар. Бош убактымда бир туугандарымдын бардыгын чогултуп алып тамак жасап, дасторкон жайып отурган жагат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от zhumanazarova Meerim (@zhumanazarova__m)

— Мамлекет Олимпиададан байге алган спортчуларга жана анын устаттарына ири суммада сый акы берилерин убадалаган. Коло медаль ээлелерине 5 миллион сом берилет деп жүргөн. Каражатты алгандан кийин каякка жумшоону пландап жатасыз?

— Ойлонуштуруп жатабыз. Кичинекей кезимен эле пландап жаткан нерсемди айткым келбейт. Буюрса ишке ашса айтам.

— Азыр автоунаа айдайсызбы?

— Ооба, буга чейин маршрутка менен эле жүрчүмүн. Олимпиаданын алдында укалоого, дары сайдырууга барыш керек болду. Анан коронавируска байланыштуу элдин арасында көп жүргөнгө болбойт деп машина алдым.

© Sputnik / Табылды КадырбековМээрим: аялзаты болгондон кийин баары бактылуу эне болгусу келет. Бирок азыр оюмдун баары спортто, турмуш куруу оюмда жок
Элдин колдоосун сездим. Мээрим Жуманазарованын Олимпиададан кийинки алгачкы маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Мээрим: аялзаты болгондон кийин баары бактылуу эне болгусу келет. Бирок азыр оюмдун баары спортто, турмуш куруу оюмда жок

— Азыр анын үстүнө эл мурдагыдан да көп таанып калды да. 

— Ооба, азыр машыгып чуркап келе жатсам жаныман автоунаа өтүп кеткен, кайра аркамдан келип калыптыр. "Мээрим, сураныч, сүрөткө түшүп алалычы" дешти. Айрымдар мындай нерселер убактымды алат дейт, бирок мен үчүн элдин сыймыктанганы, медаль алганыма кубанганы жагымдуу.

— Бир аз эс алуудан кийин эле кайрадан машыгуулар, мелдештер турбайбы... 

— Ооба, кайрадан элибизди сүйүнтүп баштайбыз. Буюрса алдыда чоңдор жана 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионаты, КМШ оюндары жана бир катар мелдештер бар. Келечекте, албетте, Олимпиада оюндарында кайрадан ийгилик жаратуу максаты турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0