Кыргызстандан эки эсе көп. Борбор Азиядагы Олимпиада жеңүүчүлөрүнүн сый акысы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТокио Олимпиадасынын медалдары. Архив
Токио Олимпиадасынын медалдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Эгер Казакстандын спортчулары Олимпиададан алтын утса, 21 миллион сом берилмек. Өзбекстан үстүнө үй, астына автоунаа тартуулап, колуна 17 миллион сом карматууда. Кыргызстан атлеттерди сыйлоого жумшаган каражаты боюнча Борбор Азияда үчүнчү орунда турат.

Токио Олимпиадасы жыйынтыкталып, спортчулар өз мекенине кайтып келишти. Бул мелдештер кээ бир өлкөлөр үчүн жемиштүү болсо, айрымдары бармак тиштеп кайтты. Дүйнөнүн төрт тарабынан чогулган спортчулардан озуп чыгып байге алуу көп эмгекти талап кылат. Мында спортчулардун миссиясы медаль алуу гана эмес, өлкөсүнүн намысын коргоп, беделин көтөрүп, эл аралык аренада желегин желбиретүү болуп саналат. Мындан улам бийлик тарабынан алдыңкы орунду ээлеген олимпиадачыга сый акы убадаланат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Борбор Азия өлкөлөрү Олимпиададан ийгилик жараткан спортчуларын кантип сыйлаарын билип көрдү.

Казакстан

КМШ өлкөлөрүнүн Токио Олимпиадасынан уткан медалдары  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Олимпиададан кайсы өлкө канча медаль алды. КМШ боюнча рейтинг
Коңшу өлкөдө биринчи орунду алгандарга 250 миң доллар, экинчиге 150 миң доллар, үчүнчүгө 75 миң доллар берүү каралган. Бирок бул мамлекеттин спортчулары сегиз коло медаль гана алууга жетишти. Казакстан Олимпиада оюндарынын 97 лицензиясына ээ болуп, спорттун 27 түрүнө катышкан. Буга байланыштуу президент Касым-Жомарт Токаев жыйынтыкка нааразы болуп, мындан сабак алуу керектигин белгиледи. "Жалпы командалык эсепте 83-орун, сегиз коло медаль Казакстандын спорттук потенциалына жана спортту өнүктүрүү үчүн бөлүнүп жаткан каражатка жооп бербейт", — деп жазды Токаев.

Өзбекстан

Мамлекет башчынын атынан алтын медаль уткандарга Chevrolet Tahoe үлгүсүндөгү жолтандабас жана коттедж (жер тилкесинин аянты 4 сотых) берилген. Ал эми коло медаль ээлерине Trebleizer үлгүсүндөгү автоунаа менен эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылган. Мындан сырткары, өкмөттүн убадаланган акчасы бар — алтынга 200 миң, күмүшгө 100 миң, колого 50 миң доллар. Өзбекстандан Токиого 71 атлет барып спорттун 17 түрү боюнча күч сынашты. Натыйжада үч алтын, эки коло медаль тагынып келди, күмүш алуу буюрган жок.

Кыргызстан

Кызыл килем, өзгөчө сый-урмат. Олимпиадачыларды тосуп алуу аземинен репортаж - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Кызыл килем, өзгөчө сый-урмат. Олимпиадачыларды тосуп алуу аземинен репортаж
Ала-Тоонун намысын коргоо үчүн кызыл желекти көтөрүп 16 спортчу барган. Алар спорттун тогуз түрү: грек-рим, эркин, кыз-келиндер күрөшү, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил жана оор атлетика, фехтование, ок атуу боюнча намыс талашты. Жыйынтыгында балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду.

Кыргыз өкмөтү алтын медаль алган спортчуну 10 миллион сом менен сыйламак. Ал эми башкы машыктыруучусуна спортчуга берилген сый акынын 30 пайызына, улук жана жеке машыктыруучусуна 25 пайызына барабар сумма төлөнөт. Биринчи машыктыруучусу менен медициналык персоналына 10 пайыз өлчөмүндө сый акы чегерилет.

Тыныбековага, Махмудовго жана устаттарына берилчү сый акы:

  • Спортчу — 7 миллион сом;
  • Башкы машыктыруучу — 2,1 миллион сом;
  • Улук машыктыруучу — 1,75 миллион сом;
  • Жеке машыктыруучу — 1,75 миллион сом;
  • Биринчи машыктыруучу — 700 миң сом;
  • Дарыгер — 700 миң сом;
  • Укалоочу — 700 миң сом.

Жуманазаровага жана устаттарына берилчү сый акы:

  • Спортчу — 5 миллион сом;
  • Башкы машыктыруучу — 1,5 миллион сом;
  • Улук машыктыруучу — 1,25 миллион сом;
  • Жеке машыктыруучу — 1,25 миллион сом;
  • Биринчи машыктыруучу — 500 миң сом;
  • Дарыгер — 500 миң сом;
  • Укалоочу — 500 миң сом.

Тажикстан

Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан катышып келген спортчуларды тосуу аземи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Токио-2020: кыргызстандык 16 спортчунун кимиси канчанчы орунду ээледи
Олимпиада чемпионуна бийлик тарабынан 26,3 миң доллар (300 миң сомони), күмүш медаль үчүн 21,9 миң доллар (250 миң сомони) жана коло медаль үчүн 17,5 миң доллар (200 сомони) убада кылынган. Бирок бир дагы спортчу байге ала алган жок. Тажикстандан Олимпиадага сууда сүзүү, жеңил атлетика, бокс жана дзюдо боюнча 10 спортчу катышты.

Түркмөнстан

Түркмөнстандан тогуз атлет Олимпиадага жолдомо уткан. Алар спорттун дзюдо, жеңил жана оор атлетика, сууда сүзүү түрлөрү боюнча катышты. Мында бир гана оор атлет Полина Гурьева экинчи орунга ээ болуп, бул өлкөнүн эгемен тарыхындагы алгачкы медалы болуп калды. Байге ээлерине мамлекет тарабынан берилчү сый акы тууралуу маалымат ачыкталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0